# 45-берене. Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышы кабыл албаган мыйзам долбоорлору жөнүндө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 45-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-45

---

1. Элдик демилге тартибинде киргизилген долбоорду кошпогондо, депутат же депутаттар демилгелеген жана мурунку чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда каралбаган мыйзам долбоору кайра чакыртып алынган деп эсептелет.

2. Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо, мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери тарабынан киргизилген мыйзам долбоору, эгерде мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери аны колдоодон баш тартса, кайра чакыртып алынган болуп эсептелет.

3. Мурдагы чакырылыштагы депутат же депутаттар тарабынан демилгеленген кайра чакыртып алынган мыйзам долбоору, аны кайталап демилгелөө жана сессиялык планга кошуу жөнүндө же болбосо андан ары демилгелөөнүн максатка ылайыксыздыгы жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарына жана тармактык комитетине таратып берилет.

4. Жаңы чакырылыштын депутаттары тарабынан талап кылынбаган кайра чакыртып алынган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин архивине өткөрүп берилет.

5. Элдик демилге тартибинде киргизилген же мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери колдогон мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш ушул Регламентте аныкталган тартипте карайт.

6. Мурунку чакырылыштагы Жогорку Кеңеш биринчи, экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алган мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеш ушул Регламентте белгиленген тартипте карайт.

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-44)  
Кийинки берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-46)
