# 43-берене. Ушул Регламентте каралган мөөнөттөрдү эсептөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 43-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-43

---

1. Эгерде ушул Регламентте башкача белгиленбесе, ушул Регламентте белгиленген мөөнөттөрдү эсептөө белгиленген календардык датадан кийинки күнү башталат.

2. Айлар менен эсептелүүчү мөөнөт белгиленген мөөнөттүн акыркы айынын тиешелүү күнүндө бүтөт. Күндөр менен эсептелүүчү мөөнөт белгиленген мөөнөттүн акыркы күнүндө саат жыйырма төрттө бүтөт.

3. Жогорку Кеңештин сессияларынын ортосундагы мезгилде жана депутаттар шайлоочулар менен иштеген убакытта Жогорку Кеңештин карамагына кирген маселелерди кароо мөөнөттөрүн эсептөө токтотулуп турат.

4. Жогорку Кеңештин чакырылыштарынын ортосундагы мезгилде мыйзам долбоорлорун кароо, түзөтүүлөрдү киргизүү жана Жогорку Кеңештин карамагындагы башка маселелер боюнча эсептөө мөөнөтү токтотулуп турат жана жаңы чакырылыштагы тармактык комитеттин биринчи жыйналышынын күнүнөн тартып жаңыртылат.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-44)
