# 42-берене. Фракциялардын, депутаттык топтордун комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 декабря 2024 года № 205 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020105)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437#diff=14094..24056>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 42-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-42

---

1. Шайлоочулар менен иштөө убактысын, Жогорку Кеңештин жана комитеттердин жыйналыштарын кошпогондо, фракциялардын, депутаттык топтордун жыйналыштары - жума күндөрү, ал эми зарыл болгондо башка күндөрү өткөрүлөт.

2. Шайлоочулар менен иштөө убактысын, Жогорку Кеңештин фракциялардын жана депутаттык топтордун жыйналыштарын кошпогондо, комитеттердин жана комиссиялардын жыйналыштары - дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү, ал эми зарыл болгондо башка күндөрү өткөрүлөт.

3. Комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштары алардын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү катышканда чечим кабыл алууга укуктуу. Комитеттер, комиссиялар чечимдерди комитеттин, комиссиянын катышып олтурган мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат.

4. Эгерде ушул Регламентте башкалар каралбаса, кворум, жыйналыш өткөрүүнүн тили, күн тартибин бекитүү, ж.б. маселелерде фракциялардын, депутаттык топтордун, комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштарын өткөрүү формасы жана жол-жобосу Жогорку Кеңештин жыйналыштарын өткөрүү жол-жобосуна окшош.

(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-43)
