# 41-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 41-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-41

---

1. Жогорку Кеңештин жыйналышы маселелерди кароонун кезектүүлүгүн аныктоо менен ар айлык пландын негизинде жыйналыштын Төрага сунуш кылган күн тартибин бекитүүдөн башталат.

2. Жогорку Кеңеш жылдыруу жөнүндө жооптуу комитеттин чечимин жактырган учурларды кошпогондо, жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселени кароону жылдырууга Жогорку Кеңештин чечими боюнча бир жолудан ашык эмес жол берилет.

3. Жыйналыштын күн тартиби депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.

4. Ушул Регламенттин 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 7-8, 11-13, 15-30, 32, 36-37, 40 жана 42-пункттарында каралган маселелерди ушул Регламентте белгиленген шарттар сакталганда аларды Жогорку Кеңеш бекитпестен Төрага жыйналыштын күн тартибине киргизет.

5. Ушул Регламентте белгиленген учурларды кошпогондо, жыйналыштардын күн тартибинин маселелери боюнча материалдар Жогорку Кеңештин жыйналышына чейин 3 күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин расмий сайтына жана Жогорку Кеңештин электрондук документ жүгүртүү тутумуна жайгаштырылат.

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-42)
