# 40-берене. Жогорку Кеңештин иш пландары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 40-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-40

---

1. Жогорку Кеңеш жаңы чакырылыштын башталышында парламентти өнүктүрүү стратегиясын кабыл алат жана зарыл болгон учурда ага өзгөртүүлөрдү киргизет.

2. Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш комитеттер жана комиссиялар түзүлгөн күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен, ошондой эле кийинки кезектеги сессиянын 15-октябрынан кечиктирбестен өкүлчүлүк, мыйзам чыгаруу жана контролдоо функцияларын ишке ашыруу боюнча иштин сессиялык планын бекитет.

3. Жогорку Кеңеш ар бир айдын башталышында маселелердин кезектүүлүгүн, ошондой эле фракциялардын, депутаттык топтордун, комитеттердин, комиссиялардын жана депутаттардын жазуу жүзүндөгү сунуштарын эске алуу менен иштин ар айдагы планын бекитет.

4. Жогорку Кеңештин ишинин сессиялык жана ар айлык пландары токтом менен бекитилет жана кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылат.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-41)
