# 4-берене. Жогорку Кеңештин ишинин принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 4-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-4

---

Жогорку Кеңеш өз ишин төмөнкү принциптерге негизденүү менен жүзөгө ашырат:

1) ушул Регламентте белгиленген учурларды кошпогондо, ачык-айкындык;

2) өзүнүн ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыктарында аткаруу;

3) элдин жана өз шайлоочуларынын алдындагы жоопкерчилик;

4) эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерин сактоо жана урматтоо;

5) Конституцияны, мыйзамдарды, ушул Регламентти жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактоо;

6) пикирлерди эркин билдирүү жана чечимдерди коллегиялуу кабыл алуу;

7) саясий көп түрдүүлүк жана көп партиялуулук;

8) Жогорку Кеңештин жетекчилигинде жана анын органдарында фракциялардын жана депутаттык топтордун өкүлчүлүгүнүн пропорциялуулугун сактоо;

9) Жогорку Кеңештин органдарында бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн камсыз кылуу.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-5)
