# 39-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышында депутаттардын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 39-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-39

---

1. Депутат Жогорку Кеңештин, фракциянын, депутаттык топтордун, комитеттердин жана убактылуу комиссиялардын жыйналыштарына катышууга милдеттүү.

2. Жогорку Кеңештин жыйналыштарында депутаттар ушул Регламентте белгиленген чектерде төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жарыш сөздөргө катышууга;

2) талкууланып жаткан маселелердин маңызы боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды киргизүүгө;

3) Жогорку Кеңештин кароосуна сунуш кылынган кызмат адамдарынын талапкерликтери боюнча пикир айтууга;

4) сөз сүйлөп жаткандарга ушул Регламентте белгиленген тартипте суроо берүүгө;

5) маалымдамаларды берүүгө жана Жогорку Кеңештин фракцияларынын, депутаттын топторунун, комитеттеринин, комиссияларынын ишине тиешелүү материалдарды депутаттардын арасында таратууга.

3. Депутаттар ушул Регламентте жана Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамда белгиленген башка укуктарга жана милдеттерге ээ.

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-40)
