# 37-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышында төрагалык кылуучу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 37-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-37

---

1. Жогорку Кеңештин жыйналышында төрагалык кылуучу:

1) жыйналышты ушул Регламенттин талаптарына ылайык алып барат;

2) жыйналыштын күн тартибине жана ушул Регламенттин талаптарына ылайык катталган өтүнмөлөрдүн келип түшүшүнүн тартибинде сүйлөө үчүн сөз берет;

3) каралып жаткан маселелер боюнча сунуштарды алардын келип түшкөн тартибинде добушка коет;

4) добуш берүү жол-жобосунун башталышы жөнүндө жарыялайт жана анын натыйжаларын жарыя кылат;

5) жыйналыштардын протоколдорунун жана стенограммаларынын жүргүзүлүшүн контролдойт, аларга кол коет;

6) парламенттик суроо-талаптарга жана протоколдук тапшырмаларга кол коет;

7) фракциялардын, депутаттык топтордун жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын ортосунда консультацияларды уюштурат.

2. Төрагалык кылуучу жыйналышта ойдогудай тартипти камсыз кылуу үчүн ушул Регламенттин 29-главасында каралган чараларды көрүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-38)
