# 36-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышын өткөрүүнүн тили

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 36-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-36

---

1. Жогорку Кеңештин жыйналышы расмий тилге удаа которууну камсыз кылуу менен төрагалык кылуучу тарабынан мамлекеттик тилде жүргүзүлөт.

2. Депутат, ошондой эле чакырылган адамдар Жогорку Кеңештин жыйналыштарында расмий тилде сүйлөөгө укуктуу.

3. Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштарында сөз сүйлөөлөр мамлекеттик тилден расмий тилге жана расмий тилден мамлекеттик тилге удаа которуу менен камсыз кылынат.

4. Мамлекеттик жана расмий тилдерди билбеген чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар чет тилде сүйлөөгө укуктуу, мындай сөз сүйлөө мамлекеттик жана расмий тилдерге удаа которуу менен камсыз кылынат.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-37)
