# 33-берене. Жогорку Кеңештин жыйналыштары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 33-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-33

---

1. Жогорку Кеңештин жыйналыштары төмөнкүдөй болушу мүмкүн:

1) кезектеги;

2) кезексиз;

3) ачык;

4) жабык.

2. Мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин кезектеги жыйналыштары шаршембиде жана бейшембиде өткөрүлөт.

Мыйзамдарга ылайык жумуш күндөрү которулган учурда Жогорку Кеңеш жана анын органдары ошол которулган жумуш күн үчүн иштейт.

3. Кезектеги жыйналыштар саат 10до башталат жана саат 18:00дө аяктайт. Жогорку Кеңештин чечими боюнча жыйналыштын убактысы узартылышы мүмкүн.

4. Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын убагында фракциялардын, депутаттык топтордун, комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштары, парламенттик угуулар, ошондой эле шайлоочулар менен иштер жүргүзүлбөйт.

5. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналыштары, шаршембини жана бейшембини кошпогондо, Президенттин, Төраганын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын кеминде үчтөн биринин демилгеси боюнча аптанын кайсыл гана болбосун күнү өткөрүлүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-34)
