# 32-берене. Жогорку Кеңештин сессиялары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 32-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-32

---

1. Жогорку Кеңештин сессиялары сентябрдын биринчи жумуш күнүнөн тартып башталат жана кийинки жылдын июнунун акыркы жумуш күнүнө чейин уланат.

2. Сессиялар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин аткаруу менен ачылат жана аяктайт.

3. Сессиялар Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштары формасында өткөрүлөт.

4. Жогорку Кеңештин сессияларынын ортосундагы мезгилде Президенттин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана депутаттарынын кеминде үчтөн биринин демилгеси боюнча Жогорку Кеңештин кезексиз сессиялары чакырылышы мүмкүн.

5. Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө демилге кароого сунуш кылынган маселелердин себептерин жана аны өткөрүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен Төрагага жөнөтүлөт.

6. Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы келип түшкөн демилге Жогорку Кеңеште катталган күндөн тартып 3 күндөн кечиктирбестен Төрага тарабынан чакырылат.

7. Кезексиз сессия каралган маселелер боюнча Жогорку Кеңеш чечимдерди кабыл алгандан кийин аяктайт.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-33)
