# 30-берене. Бүткүл Жогорку Кеңештин Комитети

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 30-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-30

---

1. Жогорку Кеңеш төмөнкүдөй учурларда бүткүл Жогорку Кеңештин Комитети режиминде иштейт:

1) жаңы чакырылыш шайлангандан кийин Жогорку Кеңештин иши башталганда ушул Регламенттин 9-беренесине ылайык биринчи кезектеги маселелерди кароо учурунда;

2) өзгөчө, согуштук абал киргизилгенде, согуш абалы жарыяланганда жана Жогорку Кеңештин демейки режимде иштеши үчүн шарттар жок болгон учурда.

2. Жыйналыш тармактык комитеттин жетекчисинин төрагалыгы алдында өткөрүлөт, ал жок учурда төрагалык кылуучу Жогорку Кеңештин чечими менен шайланат.

3. Бүткүл Жогорку Кеңештин Комитетинин материалдары жана чечимдеринин долбоорлору жыйналыштын жүрүшүндө таратып берилиши мүмкүн.

4. Бүткүл Жогорку Кеңештин Комитети чечимдерди ант берген депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алат.

5. Бүткүл Жогорку Кеңештин Комитети каралып жаткан маселе боюнча чечим кабыл алгандан кийин ишин аяктайт.

6. Бүткүл Жогорку Кеңештин Комитетинин чечими Жогорку Кеңештин жыйналышында токтоосуз каралууга тийиш.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-31)
