# 29-берене. Комитеттердин биргелешкен жыйналыштары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 29-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-29

---

1. Бир нече комитеттердин карамагына кирген маселелер боюнча биргелешкен жыйналыштар өткөрүлүшү мүмкүн.

2. Биргелешкен жыйналыштарда комитеттер ар бир комитеттин катышып жаткан мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушу менен биргелешкен чечимдерди кабыл алышы мүмкүн, аларга - төрагалар, ал эми алар жокто орун басарлар кол коет. Комитеттердин ортосунда пикир келишпестиктер болгондо чечим ар бир комитет тарабынан өз алдынча кабыл алынат.

3. Биргелешкен жыйналыштар комитеттер үчүн белгиленген тартипке ылайык өткөрүлөт.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-30)
