# 26-берене. Комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасынын жана төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 26-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-26

---

1. Комитеттин, убактылуу комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:

1) комитеттин, убактылуу комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын алып салуу (кызматтан кетиши) жөнүндө өздөрү жазуу жүзүндө арыз бергенде;

2) депутаттык ыйгарым укуктар токтотулганда;

3) Жогорку Кеңеш кайра чакыртып алганда.

2. Комитеттин, убактылуу комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын алып салуу (кызматтан кетиши) жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздын текстин төрагалык кылуучу Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыялайт жана Жогорку Кеңеш эске алат.

3. Депутаттык ыйгарым укуктардын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу, депутаттык мандаттын кайра чакыртып алынышы комитеттин, убактылуу комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарынын токтотулушуна алып келет.

4. Комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасын, төрагасынын орун басарын кайра чакыртып алуу жөнүндө маселе жыйналыштын күн тартибине фракциялардын, депутаттык топтордун, бир мандаттуу округ боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттын демилгеси боюнча Жогорку Кеңештин чечими менен киргизилет жана тиешелүү арыз берген күндөн кийин 3 күндөн эрте эмес жана бешинчи күндөн кечиктирбестен каралууга тийиш.

5. Комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасын, төрагасынын орун басарын кайра чакыртып алуу жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо үчүн белгиленген тартипте депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

6. Комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасын, төрагасынын орун басарын кайра чакыртып алуу жөнүндө сунуш бир эле фракция, депутаттык топ тарабынан жылына бирден көп эмес киргизилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-27)
