# 25-берене. Комитеттин ишинин милдеттүү шарттары жана чектөөлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 января 2026 года № 1 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038374)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.01.2026 [Закон КР от 14 января 2026 года № 1 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038374); 18.12.2024 [Закон КР от 18 декабря 2024 года № 205 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020105)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437#diff=35334..44713>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 25-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-25

---

1. Жогорку Кеңештин комитеттеринин эң аз курамын 8ден кем эмес депутат түзөт.

2. Комитеттин мүчөлөрү комитеттин жыйналыштарына катышууга милдеттүү.

3. Комитеттин жыйналышы анын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү катышканда чечим кабыл алууга укуктуу. Комитет чечимди комитеттин катышып отурган мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат.

4. Фракция, депутаттык топ ар бир комитетте өзүнүн өкүлчүлүгүн Жогорку Кеңеште алардын пропорциялуу өкүлчүлүгүн эске алуу менен камсыз кылууга милдеттүү. Комитеттин курамына бир фракциядан, депутаттык топтон 4төн ашпаган мүчө кирет.

5. Бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар өз каалоосу боюнча бир комитеттин курамына кирүүгө милдеттүү.

6. Саны бардык комитеттерде алардын мүчөлүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк бербеген фракциялардын, депутаттык топтордун депутаттары алардын жетекчилеринин сунушу боюнча чечүүчү добуш укугу менен эки комитетке кирет. Мында комитеттин курамындагы бул фракциянын, депутаттык топтун мүчөлөрүнүн саны чечүүчү добуш укугу бар бир мүчөдөн ашпайт.

7. Депутат өзү мүчөсү болуп саналбаган комитеттердин ачык жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышууга укуктуу.

8. Мыйзам долбоорун жооптуу комитет Аппараттын эксперттик жана лингвистикалык кызматтарынын корутундусу болбостон алдын ала кароосуна жол берилбейт.

9. Комитет экинчи окууга карата мыйзам долбооруна жазуу жүзүндө келип түшкөн, жөнгө салуучу таасирди талдоону жүргүзүүнү талап кылган түзөтүүлөрдү кароосуз калтырат.

10. Эгерде каралып жаткан маселелердин мүнөзү жабык жыйналыш өткөрүүнү талап кылбаса, комитеттин жыйналышы ачык өткөрүлөт.

Комитет чакырган кызмат адамдары жыйналышка катышууга милдеттүү.

11. Комитеттер жыйналыш күнүнө чейин 3 күндөн кечиктирбестен жыйналыштын күн тартиби, өтүүчү убактысы жана орду жөнүндө маалыматтарды Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырат.

12. Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү, Акыйкатчы (Омбудсмен), Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин төрагасы комитеттин ачык жана жабык жыйналыштарына катышууга укуктуу.

13. Комитеттин ачык жыйналышына эксперттер, кызыкдар адамдар, ошондой эле Жогорку Кеңеште аккредиттелген жалпыга маалымдоо каражаттары катышууга укуктуу.

14. Талапкерликтери Жогорку Кеңеш тарабынан каралууга тийиш болгон адамдар комитеттин жыйналышына чакырылууга тийиш.

15. Комитеттин жыйналышына катышып жаткандар ушул Регламенттин 142-беренесинин талаптарын сактоого милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205, 2026-жылдын 14-январындагы № 1 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-26)
