# 24-берене. Комитеттердин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 24-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-24

---

1. Бүткүл Жогорку Кеңештин Комитетинин төрагасын кошпогондо, Жогорку Кеңеш фракциялардын, депутаттык топтордун сунушу же бир мандаттуу округдар боюнча шайланган, фракцияларга же депутаттык топторго кирбеген депутаттардын арызы боюнча Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларын жана алардын орун басарларын бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү аркылуу шайлайт.

2. Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына талапкерлерди көрсөтүү, кароо жана шайлоо Төраганын кызмат ордуна талапкерлер үчүн каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Бардык фракциялардын, депутаттык топтордун чечими боюнча жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган, фракцияларга же депутаттык топторго кирбеген депутаттардын каршы пикири жок болгондо Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо талапкерлердин бирдиктүү тизмеси боюнча альтернативасыз негизде жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-25)
