# 23-берене. Жогорку Кеңештин комитеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 23-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-23

---

1. Жогорку Кеңештин комитеттери Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына таандык болгон маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону, ошондой эле Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат.

2. Жогорку Кеңеш комитеттердин санын, алардын карамагындагы маселелерди аныктайт, ошондой эле алардын курамын түзөт.

3. Комитеттердин курамы фракциялардын лидерлеринин, депутаттык топтордун жетекчилеринин сунушу жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын арыздары боюнча түзүлөт.

4. Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери өздөрүнүн карамагындагы маселелер боюнча Жогорку Кеңештин контролдоо функциялары жөнүндө мыйзамга ылайык аткаруу бийлик органдарында мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдойт.

5. Жогорку Кеңештин ченемдик укуктук актылары Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери тарабынан алардын долбоорлору алдын ала каралгандан кийин кабыл алынат.

6. Комитеттер Жогорку Кеңешке отчет берет.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-24)
