# 20-берене. Төраганын орун басарларынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 декабря 2024 года № 205 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020105)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437#diff=14094..24056>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 20-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-20

---

1. Төраганын орун басарлары милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө Төраганын тескемесине ылайык анын айрым ыйгарым укуктарын аткарат.

2. Төрага жок болгон же эмгекке убактылуу жарамсыз болгон учурда анын милдеттерин Төраганын тескемесине ылайык анын орун басарларынын бири аткарат.

3. Төраганын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын милдеттерин анын орун басарларынын бири жаңы Төрага шайланганга чейин аткарат.

4. Төраганын орун басарлары Регламенттин маселелери карамагында турган комитеттин курамына кирет.

5. Төраганын орун басарлары Жогорку Кеңештин убактылуу комиссияларында турууга укуксуз.

6. Төраганын орун басарлары Жогорку Кеңешке өзүнүн карамагындагы маселелер боюнча ар жылдык отчетту берет.

(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-21)
