# 2-берене. Жогорку Кеңеш

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 2-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-2

---

1. Жогорку Кеңеш - Кыргыз Республикасынын парламенти - мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган болуп саналат.

2. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат жана 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

3. Жогорку Кеңештин депутаттары ушул Регламентте жана Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамда каралган тартипте жана учурларда кайра чакыртып алынышы мүмкүн.

4. Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары анын биринчи жыйналышында конституциялык курамдагы депутаттардын көпчүлүгү ант берген күндөн тартып башталат. Мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышынын күнүнөн тартып токтотулат.

5. Жогорку Кеңеш каралган ыйгарым укуктарын ушул Регламентте аныкталган тартипте жүзөгө ашырат.

6. Жогорку Кеңеш, анын органдары жана кызмат адамдары өз ишинде ушул Регламентти жана башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алат.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-3)
