# 19-берене. Төраганын орун басарларын шайлоо тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 19-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-19

---

1. Жогорку Кеңеш бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү аркылуу өз курамынан Төраганын орун басарларын шайлайт.

2. Төраганын орун басарынын кызмат ордуна талапкер бош орун пайда болгон күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде фракция, депутаттык топ тарабынан же бир мандаттуу округ боюнча шайланган, фракцияларга жана депутаттык топторго кирбеген депутат тарабынан өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде сунушталат.

3. Бардык фракциялар, депутаттык топтор, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган, фракцияларга жана депутаттык топторго кирбеген депутаттар макул болгондо Төраганын орун басарларын шайлоо альтернативсиз негизде бирдиктүү тизме менен өткөрүлүшү мүмкүн. Мында фракция, депутаттык топ бир гана талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Калган учурларда шайлоо бюллетендерди колдонуу менен жашыруун добуш берүү аркылуу жүзөгө ашырылат.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-20)
