# 161-берене. Жогорку Кеңештин иш процесстерин жана жол-жоболорун санариптештирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-161>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-161.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 161-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-161

---

1. Жогорку Кеңештин жыйналыштары, документтерди жүгүртүү, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана мамлекеттик жарандык кызматчыларынын өздүк иштери санариптик технологияларды колдонуу менен жүргүзүлөт.

2. Санариптик технологияларды колдонуу резервдик сактоо тутумун өзүнө камтыган маалыматтарды иштетүүнүн негизги жана резервдик борборлорунун милдеттүү түрдө болушун болжолдойт.

3. Маалыматтарды иштетүү, сактоо аппараттык-программалык комплекстер аркылуу жүзөгө ашырылат, алар өзүнө сервердик жабдууну, маалыматтарды сактоо тутумун жана программалык камсыздоону камтыйт.

4. Маалыматтарды берүү түзүмдөштүрүлгөн кабелдик тутум жана тармактык жабдуу аркылуу жүзөгө ашырылат.

5. Маалыматтарды коргоо үчүн коопсуздуктун аппараттык, программалык жана аралаш тутумдары колдонулууга тийиш.

6. Жогорку Кеңеште жыйналыштар конференц-тутумдарды, жыйналыштар залын коштоо жана электрондук добуш берүү тутумдарын колдонуу менен өткөрүлөт.

7. Жогорку Кеңеште документтерди жүгүртүү электрондук документ жүгүртүү тутумунун жардамы менен жүзөгө ашырылат, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) мыйзам долбоорлорунун маалымат базасынын тутумун;

2) мамлекеттик жарандык кызматчылардын бирдиктүү маалымат базасынын "Е-кызмат" тутумун (тутумда мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын бардык электрондук өздүк иштери бар);

3) маалыматтык тутумдарды (Жогорку Кеңештин ишине тиешелүү маалыматтык агымдарды алмашуу процессин оптималдаштыруу);

4) электрондук формада актуалдуу маселелерди чечүүгө жарандарды жана бизнести катыштыруу максатында мыйзам долбоорлорун онлайн-талкуулоону, онлайн-чөйрөдөгү коомдук угууларды, ошондой эле депутаттардын шайлоочулар менен онлайн-өз ара аракеттенүүсүн.

8. Жогорку Кеңеште санариптик технологияларды пайдалануу үчүн инфратүзүм Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [160-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-160)  
Кийинки берене: [162-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-162)
