# 160-берене. Жогорку Кеңешти жана анын органдарын материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-160>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-160.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 160-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-160

---

1. Жогорку Кеңештин мамлекеттик кызмат адамдарынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларынын жана башка категориядагы кызматкерлеринин санынын чеги жана эмгек акы төлөө шарттары Жогорку Кеңеш тарабынан аныкталат.

Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларынын эмгек акы төлөө шарттары жана өлчөмдөрү бирдей сандык мааниде белгиленет.

2. Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын ишин материалдык-техникалык жана каржылык камсыздоону ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат.

3. Жогорку Кеңешти каржылык камсыздоо үчүн Жогорку Кеңештин кийинки бюджеттик жылга бюджетинин долбоору иштелип чыгат жана Министрлер Кабинетине үстүдөгү жылдын 1-июлуна чейин жөнөтүлөт.

4. Жогорку Кеңештин жылдык бюджетинде Жогорку Кеңештин ишин камсыздоого, анын ичинде депутаттардын мыйзамдарда каралган ишин камсыздоого чыгымдардын айрым беренелери алдын ала каралат.

5. Жогорку Кеңештин ишин жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөр түзүлөт:

1) Төраганын резервдик фонду;

2) депутаттын фонду.

Депутаттык ишти каржылоо үчүн саналып өткөн фонддор Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын чектеринде жыл сайын түзүлөт. Тиешелүү жылга көлөмү республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда аныкталат.

6. Көрсөтүлгөн фонддордон каражаттарды чыгымдоонун суммасы жана тартиби Жогорку Кеңеш тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [159-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-159)  
Кийинки берене: [161-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-161)
