# 159-берене. Фракциялардын, депутаттык топтордун катчылыктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 19 апреля 2023 года № 92 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/112573)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437#diff=1263830..1263831>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-159>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-159.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 159-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-159

---

1. Фракциянын, депутаттык топтордун ишин камсыз кылууну фракциянын, депутаттык топтун катчылыгы жүзөгө ашырат, ал Аппараттын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат, фракциянын, депутаттык топтун иштеп турган мезгилинде иштейт жана өз ишин Аппарат жөнүндө жобонун, ошондой эле тиешелүү фракциянын лидери же тиешелүү депутаттык топтун жетекчиси менен макулдашуу боюнча Төрага бекитүүчү фракциянын, депутаттык топтун катчылыгы жөнүндө жобонун негизинде жүзөгө ашырат.

2. Фракциянын, депутаттык топтун катчылыктары:

1) укуктук, талдоочулук колдоону, уюштуруучулук камсыз кылууну жана иш кагаздарын жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;

2) Аппарат жана фракциянын, депутаттык топтун катчылыгы жөнүндө жоболордо аныкталган башка функцияларды аткарат.

(КР 2023-жылдын 19-апрелиндеги N 92 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [158-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-158)  
Кийинки берене: [160-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-160)
