# 158-берене. Комитеттин бөлүмү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-158>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-158.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 158-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-158

---

1. Жогорку Кеңештин комитетинин ишин камсыз кылууну комитеттин бөлүмү жүзөгө ашырат, ал Аппараттын туруктуу иштеген түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

2. Комитеттин бөлүмү өз ишин Төрага бекитүүчү Аппарат, комитеттин бөлүмү жөнүндө жоболордун негизинде жүзөгө ашырат.

3. Комитеттин бөлүмү:

1) укуктук, талдоочулук колдоо көрсөтүүнү, уюштуруучулук камсыз кылууну жана комитеттин иш кагаздарын жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;

2) Аппарат жана комитеттин бөлүмү жөнүндө жоболор менен аныкталган башка функцияларды аткарат.

---

Мурунку берене: [157-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-157)  
Кийинки берене: [159-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-159)
