# 157-берене. Аппараттын кызматкерлерин дайындоо жана бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 декабря 2024 года № 205 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020105)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437#diff=14094..24056>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-157>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-157.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 157-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-157

---

1. Аппараттын кызматкерлерин кызматка дайындоо жана бошотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

2. Аппарат Жетекчисин Төрага дайындайт. Аппарат Жетекчисинин сунушу боюнча Төрага анын орун басарларын дайындайт.

3. Төрага Аппарат Жетекчисин жана анын орун басарларын бошотот.

4. Аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана алардын орун басарлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Аппарат Жетекчисинин сунушу боюнча Төраганын тескемеси менен кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.

5. Аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык Аппараттын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин сунушу боюнча Аппарат Жетекчисинин тескемеси менен кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.

6. Фракциялардын жана депутаттык топтордун катчылыктарынын жетекчилери тиешелүү фракциялардын жана депутаттык топтордун лидерлеринин сунушу боюнча Төраганын тескемеси менен дайындалат жана бошотулат.

Фракциялардын жана депутаттык топтордун катчылыктарынын кызматкерлери тиешелүү фракциянын же депутаттык топтун катчылыгынын жетекчисинин сунушу боюнча Аппарат Жетекчисинин тескемеси менен кызматка дайындалат жана бошотулат.

Төраганын кеңешчилери, жардамчылары, басма сөз катчысы жана спичрайтери Төраганын тескемеси менен кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат. Төраганын орун басарларынын, фракциялардын лидерлеринин жана депутаттык топтордун жетекчилеринин кеңешчилери Төраганын орун басарларынын, фракциялардын лидерлеринин жана депутаттык топтордун жетекчилеринин сунушу боюнча Төраганын тескемеси менен кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.

7. Жогорку Кеңештин депутаттарынын консультанттары жана жардамчылары тиешелүү депутаттын сунушу боюнча Аппарат Жетекчисинин тескемеси менен кызматка дайындалат жана бошотулат.

8. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандан кийин, Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган жана жаңы курамы шайланган учурда, депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганда, депутаттардын консультанттарын жана жардамчыларын, фракциялардын жана депутаттык топтордун катчылыктарынын кызматкерлерин кошпогондо, Аппараттын кызматкерлеринин иши токтотулбайт.

Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурда депутаттардын консультанттары жана жардамчылары, фракциялардын жана депутаттык топтордун катчылыктарынын кызматкерлери мыйзамдарда каралган тартипте компенсация алат.

(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [156-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-156)  
Кийинки берене: [158-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-158)
