# 156-берене. Жогорку Кеңештин Аппараты

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-156>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-156.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 156-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-156

---

1. Жогорку Кеңештин, анын органдарынын жана түзүмдөрүнүн ишин укуктук, уюштуруучулук, документтик, маалыматтык жана башка жактан камсыз кылууну Аппарат жүзөгө ашырат.

2. Аппараттын түзүмүн Төрага бекитет.

Аппараттын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн укуктук статусу Төрага бекитүүчү жобо менен аныкталат.

3. Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган узактыгы 30 календардык күн болгон акы төлөнүүчү ар жылдык эмгек өргүүсү, ден соолугун чыңдоо үчүн жөлөкпул жана эмгек акыга үстөк берилет.

Мамлекеттик кызматта иштеген стажы 5, 10, 15 жана 20 жыл болгондо Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлерине акы төлөнүүчү ар жылдык эмгек өргүү Министрлер Кабинети аныктаган тартипте тиешелүү түрдө 2, 4, 6 жана 8 календардык күнгө көбөйөт. Ошондой эле Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлерине эмгек жана социалдык коргоо жөнүндө мыйзамдар жайылтылат.

4. Аппараттын кызматкерлеринин штаттык санын, материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун шарттарын, ошондой эле аларды күтүүгө чыгымдарды белгиленген чыгымдар сметасынын чегинде Төрага аныктайт жана Жогорку Кеңеш бекитет.

5. Жогорку юридикалык билими бар Жогорку Кеңештин Аппаратынын, Жогорку Кеңештин комитеттеринин бөлүмдөрүнүн, фракциялардын, депутаттык топтордун катчылыктарынын кызматкерлеринин, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын кеңешчилеринин, консультанттарынын жана жардамчыларынын иштеген убактысы юридикалык кесип боюнча иш стажына кошулат.

---

Мурунку берене: [155-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-155)  
Кийинки берене: [157-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-157)
