# 155-берене. Жогорку Кеңештин расмий сайты

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 декабря 2024 года № 205 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020105)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437#diff=14094..24056>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-155>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-155.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 155-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-155

---

1. Жогорку Кеңештин расмий сайты Жогорку Кеңеш, анын органдарынын жана түзүмдөрүнүн иши, бекитилген иш пландары жөнүндө дайыма жаңыланып туруучу маалыматты, статистикалык, талдоо маалыматтарын жана материалдарын, коштоочу документтери менен мыйзамдардын, токтомдордун долбоорлорунун электрондук версияларын, келип түшкөн жана комитеттерде каралып жаткан отчетторду, корутундуларды, маалымдамаларды, ачык жыйналыштардын протоколдорун ж.б. камтыйт.

2. Жогорку Кеңештин сайтына маалыматтык материалдарды жайгаштырууну Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкерлери жүзөгө ашырат.

3. Маалыматтарды жайгаштырууга контролду Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү жүзөгө ашырат.

4. "Фракциялар", "Депутаттык топтор", "Комитеттер", "Депутаттар" бөлүмдөрүнө маалыматтарды жайгаштырууну фракциялардын, депутаттык топтордун катчылыктарынын, комитеттердин бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана депутаттардын консультанттары жүзөгө ашырат.

Контролду фракциялардын, депутаттык топтордун катчылыктарынын, комитеттердин бөлүмдөрүнүн жетекчилери, депутаттар жүзөгө ашырат.

5. Расмий сайттын ишине жалпы контролду Аппарат Жетекчисинин орун басарларынын бири жүзөгө ашырат.

6. Аудио жана видеоматериалдар Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан даярдалат жана Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылат.

7. Жогорку Кеңештин расмий сайтын техникалык жактан камсыз кылуу Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө жүктөлөт.

8. Жогорку Кеңештин жетекчилиги менен макулдашмайынча расмий сайттын бөлүмдөрүнүн аталыштарына өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн эмес.

(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [154-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-154)  
Кийинки берене: [156-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-156)
