# 154-берене. Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 декабря 2024 года № 205 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020105)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437#diff=14094..24056>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-154>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-154.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 154-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-154

---

1. Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу жыйналыштарды телекөрсөтүү жана радио аркылуу берүү жолу менен, мамлекеттик жана башка жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, ошондой эле Жогорку Кеңештин расмий сайты аркылуу камсыз кылынат.

(Абзац КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү аккредитациялоо шартында Жогорку Кеңештин, фракциялардын, депутаттык топтордун, комитеттердин жана комиссиялардын жыйналыштарына катыша алат.

Аккредитациялоо шарттары жана тартиби, андан ажыратуунун негиздери Төрага бекитүүчү жободо каралат.

3. Жогорку Кеңештин, фракциялардын, депутаттык топтордун, комитеттердин жана комиссиялардын жыйналыштарын видеого жана фотого тартууну, ошондой эле аудиого жазууну жүргүзүү Жогорку Кеңеш белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [153-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-153)  
Кийинки берене: [155-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-155)
