# 153-берене. Жарандык коомдун уюмдары менен иштөөдө Жогорку Кеңештин ишинин ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуунун формалары жана методдору

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 декабря 2024 года № 205 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020105)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437#diff=14094..24056>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-153>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-153.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 153-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-153

---

1. Жарандар жана жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү Жогорку Кеңеш бекитүүчү жободо каралган тартипте Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын ачык жыйналыштарына катышууга укуктуу.

2. Жогорку Кеңештин иши менен таанышуу жана анын ишинин айкындыгын камсыз кылуу үчүн жарандар жана чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун уюмдарынын, окуу жайлардын өкүлдөрү атайын жобо менен аныкталган тартипте Жогорку Кеңешке келүүгө укуктуу.

3. Жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү менен иштөөдө Жогорку Кеңеш жана анын органдары:

1) аларга өзүнүн иши жөнүндө маалымдайт;

2) өздөрү кабыл алган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышына контролду жүзөгө ашырууга аларды тартат;

3) жарандык демилгелерди кубаттайт;

4) биргелешкен дискуссияларды, дебаттарды, акцияларды, кампанияларды жана башка иш-чараларды уюштурууга көмөктөшөт.

4. Төрага же анын орун басарлары кызматташуунун натыйжалуулугун баалоо, кызматташуунун жаңы багыттары жөнүндө чечимдерди кабыл алуу жана биргелешкен иш-чараларды Жогорку Кеңештин ар жылдык иш планына киргизүү максатында жарандык коомдун уюмдары менен ар жылдык жолугушууларды өткөрөт.

5. Парламенттик угуулардын, конференциялардын, тегерек столдордун, семинарлардын, кеңешмелердин, жыйналыштардын, анын ичинде көчмө жыйналыштардын жана жарандык коомдун уюмдарынын катышуусу менен өткөрүлүүчү башка иш-чаралардын аудиожазуусу бир жумалык мөөнөттө Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылат.

(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [152-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-152)  
Кийинки берене: [154-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-154)
