# 152-берене. Коомдук экспертиза

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-152>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-152.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 152-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-152

---

1. Көз карандысыз эксперттер, илим-изилдөө мекемелеринин өкүлдөрү, жарандык коомдун уюмдары депутаттардын кароосунда турган мыйзамдын долбоору боюнча коомдук экспертизанын натыйжаларын (эксперттик корутундуларды, талдоолорду, пикирлерди, баа берүүлөрдү, сунуштарды, анын ичинде укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы жана экспертизалардын башка түрлөрүн) Жогорку Кеңешке, фракцияларга, депутаттык топторго жана комитеттерге жөнөтө алат.

2. Комитеттерге берилүүчү сунуштар кыска, так туюндурулуп, экспертизанын, сунуштаманын предметин талдоону жана уюм же арыз берүүчү жак жөнүндө кыскача маалыматтарды камтууга тийиш.

3. Коомдук экспертиза жооптуу комитет тарабынан жыйналышта каралат, ага түшүндүрмөлөрдү берүү, сунуштарды киргизүү жана кошумча маалыматты берүү үчүн экспертиза жүргүзгөн адамдар чакырылат.

4. Коомдук экспертизанын натыйжаларын кароонун жыйынтыктары боюнча комитет арыз ээлерине кабыл алынган же четке кагылган сунуштар жөнүндө негизделген жоопту жөнөтөт.

---

Мурунку берене: [151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-151)  
Кийинки берене: [153-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-153)
