# 151-берене. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу ишиндеги ачыктык жана айкындык

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-151>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-151.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 151-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-151

---

1. Жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү, эксперттер жана башка кызыкдар тараптар депутаттарга, комитеттерге, жумушчу топторго Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда каралганга чейин мыйзам долбооруна карата сунуштарды киргизүүгө укуктуу.

2. Жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү, эксперттер жана башка кызыкдар тараптар мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөн мөөнөттө экинчи окууга карата депутаттар же мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери аркылуу Жогорку Кеңешке сунуштарды киргизүүгө укуктуу.

3. Жооптуу комитеттер төмөнкүлөргө укуктуу:

1) мыйзамдардын долбоорлорун талкуулоо үчүн өзүнүн жыйналыштарына жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрүн чакырууга;

2) мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтордун ишине көз карандысыз эксперттерди тартууга.

4. Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорлору жагынан иштөө үчүн тартылган эксперттер менен мөөнөттүү эмгек келишимдерин каралган фонддордун чегинде түзүүгө укуктуу.

5. Жогорку Кеңеш мыйзамдарды кабыл алуу, аткаруу жана сунуштамаларды иштеп чыгуу мониторингин жүргүзүү боюнча туруктуу иштөөчү коомдук кеңешти уюштурууга укуктуу, анын түзүмү жана ыйгарым укуктары Жогорку Кеңеш бекитүүчү жобо менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [150-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-150)  
Кийинки берене: [152-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-152)
