# 150-берене. Жогорку Кеңештин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коомдун уюмдары менен өз ара аракеттенүүсү жана кызматташуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 9 января 2024 года № 2 "О признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "Об общественных советах государственных органов" и внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000474)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437#diff=1263831..1359>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-150.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 150-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-150

---

1. Ушул Регламент жана иш пландар менен аныкталган иштин формаларына жана методдоруна ылайык Жогорку Кеңеш, анын органдары, депутаттар төмөнкүлөр менен өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну жүзөгө ашырат:

1) мамлекеттик органдар менен;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен, анын ичинде шаардык, райондук, айылдык кеңештер менен;

3) (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 9-январындагы № 2 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

4) улуттук, этностук, диний, атайын жана башка өкмөттүк эмес уюмдар менен;

5) эл аралык уюмдар жана фонддор менен;

6) саясий партиялар менен.

2. Жыл сайын Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү Жогорку Кеңеш бекитүүчү жобого ылайык Жогорку Кеңештин, анын органдарынын, депутаттардын шайлоочулар менен иштөөсүнө сапаттык жана сандык талдоо жүргүзөт.

3. Шайлоочулар менен иштөөнүн ар жылдык талдоосу Жогорку Кеңештин жыйналышында депутаттар тарабынан каралат.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 9-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [149-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-149)  
Кийинки берене: [151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-151)
