# 148-берене. Шайлоочулар менен иштөөнүн формалары жана методдору

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-148>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-148.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 148-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-148

---

Жогорку Кеңеш, анын органдары, депутаттар сессия учурунда жана сессиялардын ортосундагы мезгилде шайлоочулар менен ишти төмөнкүлөр аркылуу уюштурат:

1) шайлоочуларды кабыл алуу;

2) сунуштарды, арыздарды, өтүнүчтөрдү кароо;

3) чогулуштарды, конференцияларды, жолугушууларды, тегерек столдорду, семинарларды, кеңешмелерди, жыйналыштарды, анын ичинде көчмө жыйналыштарды, ачык эшиктер күнүн жана башка иш-чараларды өткөрүү;

4) жарандардын жана алардын бирикмелеринин мыйзам чыгаруу сунуштарын кароо жана кабыл алуу;

5) мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандардын укуктарын бузушу боюнча парламенттик териштирүү жүргүзүү жөнүндө жарандардын кайрылууларын кароо;

6) мыйзам долбоорлору жана коомдук маанилүү маселелер боюнча парламенттик угууларды өткөрүү;

7) шайлоочулардын даттануулары боюнча парламенттик жана депутаттык суроо-талаптарды мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүү.

---

Мурунку берене: [147-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-147)  
Кийинки берене: [149-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-149)
