# 147-берене. Парламенттер аралык комиссиялар, достук топтору жана туруктуу парламенттик делегациялар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2025 года № 154 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029843)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437#diff=24056..35334>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-147>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-147.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 147-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-147

---

1. Жогорку Кеңештин парламенттер аралык комиссияларынын, достук топторунун жана парламенттер аралык жана эл аралык уюмдардагы туруктуу парламенттик делегацияларынын негизги милдеттери, функциялары, аларды түзүүнүн жана ишинин тартиби жобо менен жөнгө салынат жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет.

2. Чет өлкөлөргө жөнөтүлүп жаткан расмий парламенттик делегациялардын курамдарынын долбоорлорун парламенттик фракциялардын, депутаттык топтордун, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын, достук топтордун сунуштарын эске алуу менен тармактык комитет түзөт жана Координациялык кеңеш бекитет.

3. Чакыруулардын негизинде эл аралык келишимдерге, макулдашууларга, программаларга ылайык депутаттын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө чыгуусу тармактык комитеттин чечими боюнча Төраганын тескемесине ылайык жүзөгө ашырылат.

Бардык чыгымдарды чакырып жаткан тараптын төлөөсү менен жекече чакыруу боюнча депутаттын чет өлкөгө иш сапарга чыгуусу Төраганын тескемесинин негизинде жүзөгө ашырылат.

Жогорку Кеңештин сессияларынын ортосундагы мезгилде депутаттын эл аралык милдеттенмелерге ылайык жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө чыгуусу Төраганын тескемесинин негизинде, тармактык комитет менен макулдашуусуз жүргүзүлөт.

4. Чет өлкөлүк парламенттердин, парламенттер аралык уюмдардын делегацияларын кабыл алуу үчүн Жогорку Кеңеш каржылык жана уюштуруу-техникалык камсыз кылуунун бирдиктүү тартибин бекитет, ал парламенттер аралык комиссиялардын алкагында же расмий парламенттик делегациялардын курамында чет өлкөлөргө жөнөп жаткан депутаттарга жайылтылат.

(КР 2025-жылдын 25-июлундагы № 154 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [146-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-146)  
Кийинки берене: [148-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-148)
