# 146-берене. Парламенттер аралык уюмдардын сунуштоочу мыйзамдык актыларын кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-146>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-146.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 146-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-146

---

1. Парламенттер аралык уюмдар иштеп чыккан сунуштоочу мыйзамдык актылар (моделдик мыйзамдар) ошол актылар менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясында болгон комитеттер, ошондой эле карамагына парламенттер аралык кызматташуу маселелери таандык болгон комитет тарабынан каралат.

2. Жогорку Кеңеш комитеттердин корутундуларынын негизинде моделдик мыйзамдар боюнча төмөнкүдөй чечим кабыл алышы мүмкүн:

1) аларды эске алуу;

2) сунуштоочу мыйзамдык актылардын негизинде мыйзам долбоорун иштеп чыгууну Жогорку Кеңештин тармактык комитетине тапшыруу.

---

Мурунку берене: [145-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-145)  
Кийинки берене: [147-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-147)
