# 145-берене. Жогорку Кеңештин эл аралык парламенттик уюмдардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 145-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-145

---

1. Жогорку Кеңештин эл аралык парламенттик уюмдардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн Аппарат Жетекчисинин жана Аппарат Жетекчисинин орун басарынын кызмат ордун ээлеген адамдардын, ошондой эле эл аралык жана парламенттер аралык маселелер карамагында турган Аппараттын кызматкерлеринин ичинен, Аппарат Жетекчисинин тармактык комитет менен макулдашылган сунуштамасы боюнча Төрага дайындайт жана бошотот.

2. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн статусу, ыйгарым укуктарынын көлөмү, алардын ишин материалдык жана каржылык жактан камсыз кылуу Жогорку Кеңеш бекитүүчү жобо менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [144-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-144)  
Кийинки берене: [146-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-146)
