# 144-берене. Парламенттер аралык кызматташтык

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-144>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-144.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 144-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-144

---

1. Жогорку Кеңеш башка мамлекеттердин парламенттери жана эл аралык парламенттик уюмдар менен кызматташуу жөнүндө макулдашууларды түзө алат, аларга ыйгарым укуктуу адамдар кол коет жана Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилүүгө тийиш.

2. Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекеттик, парламенттик, өкмөттүк жана башка делегациялардын курамында, ошондой эле жеке чакыруулар боюнча эл аралык жана парламенттер аралык кызматташтыкка катышат.

3. Жогорку Кеңештин эл аралык жана парламенттер аралык байланыштарын координациялоону эл аралык жана парламенттер аралык кызматташтык планына жана Жогорку Кеңештин ар жылдык иш планына ылайык тармактык комитет жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [143-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-143)  
Кийинки берене: [145-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-145)
