# 143-берене. Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 декабря 2024 года № 205 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020105)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437#diff=14094..24056>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-143>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-143.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 143-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-143

---

1. Эгерде депутат өзүнүн жүрүм-туруму менен Жогорку Кеңештин жыйналышын өткөрүүгө жолтоо кылса, төрагалык кылуучунун эскертүүсүн эске албаса, башка депутаттар же жыйналыштын катышуучулары менен кайым айтышса, талкууланып жаткан темадан четтесе, ушул Регламенттин жоболорун бузса, ага карата төмөнкүдөй таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн:

1) эскертүү;

2) конкреттүү маселени кароодо микрофонду өчүрүү аркылуу сөз бербөө;

3) өтүп жаткан жыйналыштын аягына чейин сөз бербөө.

2. Ушул берененин жоболорун биринчи жолу бузганда, төрагалык кылуучу ушул Регламентте белгиленген тартипти сактоо талабы менен эскертүү берет. Кайрадан жана андан кийин тартип бузган учурда ага карата ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган таасир этүү чаралары колдонулат.

3. Эгерде депутат башка адамдарга карата кемсинткен сөздөрдү айтса жана жаңсоолорду пайдаланса, кара күч колдонсо, ал залдан чыгарылат, мындай аракеттери боюнча материалдар тиешелүү органдарга берилет.

4. Депутатка жана Жогорку Кеңештин жыйналыштарына катышып отургандарга карата колдонулуучу чаралар жыйналыштын протоколунда белгиленет.

5. Регламенттин маселелери карамагында турган комитет тармактык комитеттердин төрагаларынын, Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн маалыматтарынын негизинде Жогорку Кеңештин жана комитеттердин жыйналыштарына депутаттардын катышуусунун жыйынтыгын ай сайын чыгарат.

Ушул беренеде көрсөтүлгөндөрдөн тышкары ар бир учурда депутаттын жоктугунун себебин жүйөлүү деп таануу жөнүндө маселе тиешелүү комитет тарабынан чечилет.

(Абзац КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

51. Демейки жагдайларда депутаттын жоктугунун жүйөлүү себептери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) эмгекке убактылуу жарамсыздык;

2) кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү боюнча, баланы асырап алууга байланыштуу өргүү;

3) эмгек акысы сакталбаган өргүү (никени каттоо, баланын төрөлүшү, бала багуу, жакын туугандарынын өлүмү учурларындагы үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча);

4) окуу өргүүсү, иш сапарында болуу, жазуу жүзүндөгү чакыруу боюнча мамлекеттик аземдерге жана расмий кабыл алууларга, конференцияларга, семинарларга жана парламенттин жетекчилигинин кабарлоосу боюнча башка иш-чараларга катышуу;

5) тиешелүү документтер менен тастыкталган транспорттук тоскоолдуктар;

6) Төраганын, анын орун басарларынын, тиешелүү фракциялардын лидерлеринин, депутаттык топтордун жетекчилеринин же комитеттердин, комиссиялардын төрагаларынын тапшырмасы;

7) сот жыйналыштарына жана тергөө аракеттерине катышуу.

52. Жүйөлүү себепсиз келбей калган депутаттардын тизмелери комитеттин өкүлү тарабынан Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыя кылынат жана жарыя кылынган күндөн тартып бир күндүн ичинде расмий сайтка жарыяланат.

6. Комитеттердин, фракциялардын, депутаттык топтордун, комиссиялардын жыйналыштарында тартипти сактоо максатында алардын төрагалары Жогорку Кеңештин жыйналыштарына төрагалык кылуучу сыяктуу эле укуктарга ээ жана ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган чараларды колдоно алат. Комитеттердин, фракциялардын, депутаттык топтордун, комиссиялардын жыйналыштарында депутаттарга карата колдонулуучу чаралар жыйналыштардын протоколунда белгиленет жана ошол депутаттар мүчөсү болуп саналган фракцияларга, депутаттык топторго карап чыгуу үчүн берилет.

7. Регламенттин маселелери карамагында турган комитеттин мүчөлөрү фракциялардын, депутаттык топтордун мүчөлөрүнүн жүрүм-турум этикасы боюнча фракциялардын, депутаттык топтордун жыйналыштарына катышууга укуктуу.

(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [142-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-142)  
Кийинки берене: [144-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-144)
