# 142-берене. Жогорку Кеңештин имаратында тартипти жана этиканын ченемдерин сактоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-142>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-142.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 142-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-142

---

1. Жогорку Кеңештин жыйналыштар залы Жогорку Кеңештин жыйналыштарын өткөрүүчү расмий жай болуп саналат, ал жерде катышып отургандар тартипти, этиканы жана жүрүм-турумдун белгиленген ченемдерин сактайт.

2. Жогорку Кеңештин жыйналыш күндөрүндө депутаттар жана анын жыйналыштарына катышып жаткан адамдар Жогорку Кеңештин ишинин расмий мүнөзүнө ылайык келген кийим кийип жүрүүгө тийиш.

3. Депутаттарга, ошондой эле чакырылган жана Жогорку Кеңеште аккредиттелген адамдарга Жогорку Кеңештин имаратында курал алып жүрүүгө тыюу салынат.

4. Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналышына чакырылгандарга, ошондой эле аккредиттелген адамдарга жыйналышты өткөрүүгө тоскоол болуучу плакаттарды, лозунгдарды, үн күчөткүчтөрдү, башка буюмдарды алып кирүүгө жана пайдаланууга тыюу салынат. Бул адамдар тартипти сактоого, тартипти бузбоого, жыйналыштар залында өтүп жаткандарга карата өзүнүн мамилесин көпчүлүктүн алдында билдирүүдөн карманууга тийиш.

5. Белгиленген тартипти бузган учурда көрсөтүлгөн адамдар залдан мажбурлап чыгарып салынат.

---

Мурунку берене: [141-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-141)  
Кийинки берене: [143-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-143)
