# 141-берене. Депутаттык этика

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 141-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-141

---

1. Жогорку Кеңештин ар бир депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарып жаткан учурда жеке жана коомдук кызыкчылыктардын кагылышуусунан (мындан ары - кызыкчылыктардын кагылышуусу) оолак болууга милдеттүү.

2. Кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыккан учурда депутат өзүн Депутаттык этиканын кодексине ылайык алып жүрүүгө милдеттүү. Депутат өзүнүн ак ниеттүүлүгү коомчулукта шектенүү пайда кылбашы жана коомчулук буга ишенүүгө мүмкүнчүлүк алышы үчүн баарын жасоого тийиш.

3. Жогорку Кеңештин, комитеттин, фракциянын, депутаттык топтун, комиссиянын жыйналышында белгилүү бир маселени караганга чейин же аны кароонун жүрүшүндө ошол маселеге жеке кызыкчылыгы бар депутат кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө төрагалык кылуучуга билдирүүгө жана маселени андан аркы талкуулоодон жана добуш берүүдөн өзүн-өзү четтетүүгө милдеттүү.

4. Мындай жоболорду депутат бузган учурда регламент маселелери карамагында турган комитет Жогорку Кеңештин кароосуна тиешелүү корутундуну сунуш кылууга тийиш.

5. Жыйналыштарда сүйлөп жаткан депутат депутаттык этиканын ченемдерин сактоого: өтө орой сөздөрдү, уят жана сөгүнгөн сөздөрдү колдонбоого, кимдир-бирөөгө карата ар-намысына, кадыр-баркына жана ишмердик беделине доо кетирүүчү негизсиз айыптоолорго, сөздөргө жол бербөөгө, билип туруп жалган маалыматтарды пайдаланбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого милдеттүү.

---

Мурунку берене: [140-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-140)  
Кийинки берене: [142-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-142)
