# 140-берене. Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-140>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-140.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 140-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-140

---

1. Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл ала алат. Депутаттар өзүн-өзү таркатуу жөнүндө негизделген сунушту депутаттардын жалпы санын үчтөн биринин демилгеси боюнча киргизүүгө укуктуу. Төрага аны алдын ала кароо үчүн 2 күндүн ичинде бардык фракцияларга, депутаттык топторго, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттарга жөнөтөт, алар маселени алдын ала кароо жана даярдоо үчүн 7 күндүн ичинде жооптуу комитетке сунуштарды жөнөтөт. Жооптуу комитет маселени кароонун датасын аныктоо үчүн өзүнүн чечимин Координациялык кеңешке жөнөтөт.

2. Жогорку Кеңеш тарабынан өзүн-өзү таркатуу жөнүндө маселени кароо толук талкуулоо жол-жобосу боюнча жүзөгө ашырылат.

3. Талкуулоо аяктагандан кийин, бирок талкуулоо башталгандан тартып 3 күндөн кечиктирбестен, Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусу жөнүндө сунушу боюнча добуш берүү жүргүзүлөт.

4. Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечими депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

5. Эгерде өзүн-өзү таркатуу жөнүндө токтом кабыл алынса, Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркаткан күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттө Президент мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт. Мында шайлоо мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындаган күндөн тартып 45 күндөн кечиктирбестен өткөрүлүүгө тийиш.

6. Жогорку Кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышына чейин аткарат.

---

Мурунку берене: [139-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-139)  
Кийинки берене: [141-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-141)
