# 135-берене. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунушту Жогорку Кеңеш тарабынан кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-135>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-135.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 135-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-135

---

1. Регламенттин маселелери карамагында болгон комитет ушул Регламенттин 134-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4 жана 9-пункттарында каралган учурларда депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени карайт. Ушул негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунушту ошондой эле депутат мүчөсү болуп саналган фракция же депутаттык топ комитеттин кароосуна киргизүүгө укуктуу. Маселени кароо тиешелүү маалымат же арыз түшкөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде жүргүзүлөт.

2. Бул маселени кароодо комитет документтерди изилдейт, фракциянын же депутаттык топтун өкүлдөрүн, өзүнө карата мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө сунуш киргизилген депутатты угат.

3. Комитет чечим кабыл алат жана көрсөтүлгөн негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени кезексиз тартипте кароо үчүн Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизүү үчүн аны Координациялык кеңешке жөнөтөт.

4. Жогорку Кеңеш маселени толук талкуулоо жол-жобосу боюнча карайт. Көрсөтүлгөн негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом Жогорку Кеңеш тарабынан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана кабыл алынгандан кийин 3 күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [134-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-134)  
Кийинки берене: [136-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-136)
