# 133-берене. Президенттин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-133>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-133.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 133-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-133

---

1. Президенттин ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:

1) өз арызы боюнча кызматтан кеткен учурда;

2) оорусу боюнча өз милдеттерин жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогондо;

3) каза болгон учурда;

4) Конституцияда каралган тартипте кызмат ордунан четтетилген учурда.

2. Өз арызы боюнча кызматтан кеткен учурда Президенттин ыйгарым укуктары Жогорку Кеңешке жазуу жүзүндө арыз берилген же ал өзү эл алдында билдирүү жасаган учурдан тартып токтотулган болуп эсептелет. Кызматтан кетүү жөнүндө Президенттин арызы Жогорку Кеңеш тарабынан эске алынат жана протокол менен таризделет.

3. Президент каза болгон учурда Жогорку Кеңеш тарабынан каза болуу фактысы эске алынат жана протокол менен таризделет.

4. Президенттин оорусу боюнча өз милдеттерин жүзөгө ашыруусу мүмкүн болбой калгандыгы жөнүндө маселени фракция же депутаттык топ коюуга укуктуу. Комитеттин корутундусунун негизинде Жогорку Кеңеш 5 календардык күндүн ичинде депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен мамлекеттик медициналык комиссия түзүү жөнүндө токтом кабыл алат. Жогорку Кеңеш мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде корутунду берилген күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде депутаттардын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен Президентти мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу жөнүңдө чечим кабыл алат.

---

Мурунку берене: [132-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-132)  
Кийинки берене: [134-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-134)
