# 132-берене. Жогорку Кеңеш тарабынан Президентти шайлоону дайындоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 сентября 2026 года № 146 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230051571)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437#diff=53302..59289>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-132>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-132.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 132-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-132

---

1. Президентти шайлоо Жогорку Кеңештин токтому менен дайындалат, ал депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

2. Президентти шайлоону дайындоо жөнүндө токтомдун долбоору Жогорку Кеңештин жыйналышына тиешелүү комитет тарабынан коюлат.

3. Президентти кезектеги шайлоо Президент шайланган анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөн жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт жана шайлоо күнүнө чейин 4 айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат.

4. Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо Жогорку Кеңеш тарабынан Конституцияда каралган учурларда Президенттин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган күндөн тартып бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен дайындалат жана иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып 3 айлык мөөнөттө өткөрүлүүгө тийиш. Бул учурда ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү төрттөн бирге кыскарат.

5. Эгерде Жогорку Кеңеш ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө Президентти шайлоону же мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындабаса, Президентти шайлоо же мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды деп эсептелет. Мындай учурларда шайлоо дайындалган күн деп шайлоону дайындоо мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күн эсептелет.

6. Президентти шайлоону дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому 2 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

(КР 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 146 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [131-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-131)  
Кийинки берене: [133-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-133)
