# 131-берене. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын ар жылдык баяндамасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-131>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-131.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 131-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-131

---

1. Ар бир жылдын 1-июнуна чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Жогорку Кеңешке шайлоолорду, референдумдарды даярдоонун жана өткөрүүнүн практикасы жөнүндө; жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө; шайлоо мыйзамдарын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө ар жылдык баяндаманы жана шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча мыйзам чыгаруу сунуштарын берет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын баяндама менен сөз сүйлөөсүнүн датасын Жогорку Кеңеш ар айлык иш планында аныктайт. Парламенттик фракциялар, депутаттык топтор жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар баяндамага карата өз мамилесин аныктоо үчүн сүйлөй алат.

2. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын ар жылдык баяндамасын угуу боюнча Жогорку Кеңештин жыйналышына тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери чакырылат.

3. Жогорку Кеңеш Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын баяндамасын эске алат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мыйзам чыгаруу сунуштарын мындан ары ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечим чыгарат.

---

Мурунку берене: [130-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-130)  
Кийинки берене: [132-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-132)
