# 130-берене. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун ар жылдык жана атайын баяндамалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-130>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-130.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 130-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-130

---

1. Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо үчүн парламенттик контроль Акыйкатчыга (Омбудсменге) жүктөлөт.

2. Ар бир жылдын 1-апрелине чейин Акыйкатчы (Омбудсмен) Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин абалы жөнүндө Жогорку Кеңешке ар жылдык баяндаманы берет.

3. Улуттук борбор жыл сайын 1-мартка чейин Жогорку Кеңешке өзүнүн иши жөнүндө баяндама жана өткөн жыл үчүн финансылык отчет берет.

Ар жылдык баяндама кыйноолордун жана катаал мамиленин алдын алуу чөйрөсүнүн абалы жөнүндө жалпы баа берүүлөрдү, корутундуларды жана алардын алдын алуу боюнча сунуштамаларды камтууга тийиш. Ар жылдык баяндамада Улуттук борбордун ишине тоскоолдук кылган, анын сунуштамаларын этибарга албаган мамлекеттик органдар (кызмат адамдары) көрсөтүлүүгө тийиш. Зарыл болгондо Улуттук борбор эркиндигинен ажыратылган жана чектелген жерлерде табылган жана дароо чечүүнү талап кылган адам укуктарын одоно бузуу фактылары боюнча атайын баяндаманы (баяндамаларды) Жогорку Кеңешке бере алат.

4. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун баяндамалары тармактык комитет тарабынан каралгандан кийин Жогорку Кеңеш алардын баяндамаларын биринчи эле жыйналышта угууга милдеттүү.

Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун баяндама менен сөз сүйлөө датасын Жогорку Кеңеш ар айлык иш планында аныктайт. Парламенттик фракциялар, депутаттык топтор жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар баяндамага карата өздөрүнүн мамилесин аныктоо үчүн сөз сүйлөй алат.

5. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун ар жылдык жана атайын баяндамаларын угуу боюнча Жогорку Кеңештин жыйналыштарына Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Башкы прокурор, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, башка мамлекеттик органдардын жетекчилери чакырылат.

6. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун баяндамаларын угуунун жыйынтыктары боюнча Жогорку Кеңеш Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамаларын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан аткарылышынын максатка ылайыктуулугуна баа берүүгө жана тиешелүү чечим кабыл алууга тийиш.

---

Мурунку берене: [129-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-129)  
Кийинки берене: [131-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-131)
