# 13-берене. Фракциянын, депутаттык топтун жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 13-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-13

---

1, Фракция, депутаттык топ төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Жогорку Кеңеш карап жаткан маселелер боюнча саясий позициясын билдирүүгө, ошондой эле өзүнүн оппозициясы жөнүндө жарыялоого;

2) фракциянын, депутаттык топтун өкүлүнө фракциянын, депутаттык топтун атынан билдирүүлөр, баяндамалар, кошумча баяндамалар, билдирмелер жана сунуштар менен сөз сүйлөөгө укук берүүгө;

3) башка фракциялар, депутаттык топтор менен биргелешкен жыйналыштарга катышууга, фракциянын, депутаттык топтун жыйналыштарына кызыкдар жактарды чакырууга, эксперттер жана адистер менен консультация жүргүзүүгө;

4) Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу иш планы жана ар жылдык жумуш планы боюнча сунуштарды киргизүүгө;

5) Жогорку Кеңештин комитеттеринин жана убактылуу комиссияларынын курамдарына фракциянын, депутаттык топтун мүчөлөрүнүн талапкерлигин сунуш кылууга жана аларды кайра чакыртып алуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;

6) бардык фракциялардын, депутаттык топторун пропорциялуу өкүлчүлүгүнүн принцибин сактоо менен, парламенттик делегациялардын, достук топторунун курамдарына фракциянын, депутаттык топтун мүчөлөрүн кошуу (кайра чакыртып алуу) боюнча сунуштарды киргизүүгө;

7) айрым маселелерди иликтөө боюнча жумушчу топторду түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

8) парламенттик угууларды өткөрүү жөнүндө Жогорку Кеңешке жана комитеттерге сунуштарды киргизүүгө;

9) Конституциянын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-4, 6-11-пункттарында каралган негиздер боюнча фракциянын, депутаттык топтун мүчөлөрүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;

10) Жогорку Кеңештин жыйналышынын протоколуна киргизүү үчүн талкууланып жаткан маселе боюнча фракциянын, депутаттык топтун өзгөчө пикирин берүүгө;

11) фракциянын, депутаттык топтун материалдарын жана документтерди жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого, ошондой эле аларды Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырууга;

12) фракциянын, депутаттык топтун мүчөлөрүнүн аракеттерине шайлоочулардын кайрылууларын кароого жана ички фракциялык, ички топтук тартипти күчөтүү максатында зарыл чараларды көрүүгө;

13) концепцияны, максаттарды жана милдеттерди кыскача баяндоо менен мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун зарылдыгы жөнүндө Министрлер Кабинетине мыйзам чыгаруу сунушун жиберүүгө;

14) өзүнүн өкүлүн комитеттин, убактылуу комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын кызмат ордунан кайра чакыртып алууга;

15) фракция, депутаттык топ жөнүндө жобого ылайык өзүнүн мүчөлөрүнө таасир этүү чараларын көрүүгө;

16) Конституцияда жана ушул Регламентте каралган башка укуктарды пайдаланууга.

2. Бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар фракциялардын жана депутаттык топтордун депутаттары сыяктуу эле укуктарга ээ.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-14)
