# 129-берене. Президенттин ар жылдык кайрылууларын, маалыматтарын угуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-129>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-129.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 129-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-129

---

1. Президент Жогорку Кеңешке жыл сайын өзүнүн иши жөнүндө маалымат берет.

2. Жогорку Кеңеш Президенттин кайрылуусун жана маалыматын угат, алар талкууланбайт жана добуш берүүгө коюлбайт. Суроолордун жана жооптордун жол-жобосу колдонулбайт.

3. Чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, парламенттик делегациялардын жетекчилери жана башка өкүлдөрү сүйлөй турган Жогорку Кеңештин жыйналыштарына Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Конституциялык соттун төрагасы, Жогорку соттун төрагасы, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Акыйкатчы (Омбудсмен), чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, эл аралык уюмдардын башчылары жана баруу программасына ылайык башка кызмат адамдары чакырылат.

---

Мурунку берене: [128-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-128)  
Кийинки берене: [130-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-130)
