# 128-берене. Жогорку Кеңештин өкүлдөрүн дайындоо жана кайра чакыртып алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-128>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-128.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 128-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-128

---

1. Жогорку Кеңеш фракциялардын, депутаттык топтордун жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын пропорциялуу өкүлчүлүгүн эске алуу менен өзүнүн өкүлдөрүн консультациялык-кеңеш берүүчү органдарга дайындайт.

2. Жогорку Кеңеш өзүнүн курамынан Төраганын сунушу боюнча Жогорку Кеңештин Министрлер Кабинетиндеги туруктуу өкүлүн дайындайт жана бошотот.

3. Жогорку Кеңештин өкүлдөрүнүн талапкерлери фракциялардын, депутаттык топтордун жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын сунушу боюнча жооптуу комитет тарабынан киргизилет.

4. Жогорку Кеңештин өкүлдөрүн дайындоо жөнүндө же кайра чакыртып алуу тууралуу маселе боюнча Жогорку Кеңеш ачык добуш берүү менен депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен токтом кабыл алат.

5. Жогорку Кеңештин Министрлер Кабинетиндеги жана консультациялык-кеңеш берүүчү органдарындагы өкүлдөрүн кайра чакыртып алуу комитеттин төрагасын жана анын орун басарларын кайра чакыртып алуу үчүн белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

6. Төрага Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген жобого ылайык Аппараттын кызматкерлеринин ичинен Конституциялык соттогу туруктуу өкүлдү Аппарат Жетекчисинин сунушу боюнча дайындайт жана бошотот.

---

Мурунку берене: [127-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-127)  
Кийинки берене: [129-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-129)
