# 127-берене. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин мүчөлөрүн шайлоонун жана мөөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алуунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-127>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-127.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 127-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-127

---

1. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин 2 ай мурда Координациялык кеңештин төрагасы бул жөнүндө Төрагага кабарлайт жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Координациялык кеңештин жаңы мүчөлөрүн шайлоону сунуш кылат.

2. Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин мүчөсүнүн кызмат ордуна талапкерлерди депутаттар, фракциялар, депутаттык топтор сунуш кылышы мүмкүн.

3. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Улуттук Борбордун Координациялык кеңешинин мүчөлөрү Жогорку Кеңештин жыйналышында шайланат.

4. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары анын ыйгарым укуктары мыйзамда белгиленген тартипте токтотулган учурда мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

5. "Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин мүчөсүн кайра чакыртып алууну жүзөгө ашырат. Бул учурда Жогорку Кеңеш Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин мүчөсүн мөөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алуу жөнүндө маселени Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин корутундусу болгондо депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечет.

---

Мурунку берене: [126-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-126)  
Кийинки берене: [128-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-128)
